Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 20-августу № 718-т
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн кадрларды даярдоо жаатындагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы үчүн
кадрларды даярдоо жаатындагы
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып, достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө ниетин билдирип, тышкы чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө интеграциялык процесстерди жөнгө салууга жана тереңдетүүгө умтулуп, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларын ишенимдүү кайтаруу үчүн чек ара аскерлеринин аскер кадрларынын кесипкөй даярдыгы чечүүчү мааниге ээ экендигин түшүнүү менен,
1995-жылдын 3-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин чек ара аскерлери үчүн аскер кадрларын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 1-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Казакстан Тарап Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматчыларын Казакстан Республикасы, Алматы шаары, Достык, 103 дарегинде жайгашкан Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясына (мындан ары – УКК Чек ара академиясы) Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы бекиткен штаттык сандын лимитинин чегинде макулдашкан санда жана УКК Чек ара академиясын күтүүгө бөлүнгөн каражаттын чегинде Тараптар жыл сайын макулдашкан адистиктер жана мөөнөттөр боюнча окууга кабыл алат. Макулдашуунун натыйжалары контракттар менен таризделет.
2-берене
Тараптардын ушул Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
кыргыз Тараптан – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы;
казакстан Тараптан – Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети.