Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 18-июну № 59/6-29
Орловка шаарынын мэриясынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2027-2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Орловка шаарынын мэриясынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2027-2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору жөнүндө Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Л.Абасованын маалыматы менен таанышып Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын 2026-жылга карата бюджеттин долбоорунун киреше бөлүгү 138729,0 миң сом бекитилсин:
Жергиликтүү бюджет | Теңдөөчү грант | Атайын эсеп счету | Бардыгы |
129929,0 миң сом |
| 8800,0 миң сом | 138729,0 миң сом |
2. Орловка шаарынын мэриясынын 2027-жылга карата бюджеттин долбоорунун киреше бөлүгү 140155,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин:
Жергиликтүү бюджет | Теңдөөчү грант | Атайын эсеп счету | Бардыгы |
131355,0 миң сом |
| 8800,0 миң сом | 140155,0 миң сом |
3. Орловка шаарынын мэриясынын 2028-жылга карата бюджеттин долбоорунун киреше бөлүгү 141575,0 миң сом бекитилсин:
Жергиликтүү бюджет | Теңдөөчү грант | Атайын эсеп счету | Бардыгы |
132775,0 миң сом |
| 8800,0 миң сом | 141575,0 миң сом |
4. Орловка шаарынын мэриясынын 2026-жылга карата бюджеттин долбоору жана 2027-2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы Кемин райондук финансы каржы башкармалыгына жана Орловка шаарынын мэриянын социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Л.Абасовага милдеттерилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |