Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-июлу № 60/7-29
Жер участокту “Жайыттар” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагындагы № 182 контурдан жалпы аянты 4,0 га жер участогун “Жайыттар” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Д.Токтакуновго жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |