Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №100
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылынын тургуну
Каскеева Назгүл Кадыровнага жер участогун мыйзамдаштырууга
уруксат берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылынын тургуну Каскеева Назгүл Кадыровнанын арызынын негизинде, жер участогун мыйзамдаштырууга уруксат берүү боюнча,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Коо айылынын тургуну Н.Каскеевага (Кара-Коо айылынан жолдошу Абдраев Ынтымак каза болгондугу тууралуу күбѳлүгү бар) 1992-жылы 0,15 га жер аянты турак жай курууга бѳлүнүп берилип, 2003-жылы системалык каттоого айыл ѳкмѳттүн жери болуп катталып калгандыгына байланыштуу, мыйзамдаштырууга токтом чыгарып берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл
ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу