Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №101
Тогуз-Булак борбордук мечитинин күн батыш жагындагы таштанды болуп жаткан
жерин медресенин устаздарына турак жай куруп берүү үчүн жерин мечиттин карамагына каттатып берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын тургундарынын арызынын негизинде, Тогуз-Булак борбордук мечитинин күн батыш жагындагы таштанды болуп жаткан жерин медресенин устаздарына турак жай куруп берүү үчүн жерин мечиттин карамагына каттатып берүү боюнча,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Тогуз-Булак борбордук мечитинин күн батыш жагындагы таштанды болуп жаткан жерин медресенин устаздарына турак жай куруп берүү үчүн жерин мечиттин карамагына каттатып берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу