Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №102
Ак-Терек айыл аймагына караштуу, Тогуз-Булак айылындагы почта бѳлүмү азыркы колдонулуп жаткан имаратты жери менен жаңы имарат курууга “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомунун балансына Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн балансасынан ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагына караштуу, Тогуз-Булак айылындагы почта бѳлүмү азыркы колдонулуп жаткан имаратты жери менен жаңы имарат курууга “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомунун балансына Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн балансасынан ѳткѳрүп берүүбоюнча,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу, Тогуз-Булак айылындагы почта бѳлүмү азыркы колдонулуп жаткан имаратты жери менен жаңы имарат курууга “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомунун балансына Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн балансасынан ѳткѳрүп берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу