Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №104
Ак-Терек айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижара акыларынын тарифтерин бекитип берүү жѳнүндѳ
Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин башкарууда Кыргыз Республикасынын министирлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомуна ылайык жана 2025-жылдын 25- февралындагы № 0413/59 Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү ѳнѳр жайы министирлигинин “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине берүү тартибин бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген жобого ылайык,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижара акыларынын тарифтерин бекитип берүү максатында Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижара акыларынын тарифтери тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:
- Чындыгында сугарылган жерлер ИА'= 236 х 30= 7080 сом;
- Жерди сугаруу кыйын жерлер ИА'= 236 х 20= 4720 сом;
- Жерлерди сугаруунун жоктугу ИА'= 236 х 10=2360 сом;
- Кайрак айдоо багытындагы жерлер ИА'= 39,2 х 30= 1176 сом;
- Көп жылдык алма бактар ИА'= 119 х 30= 3570 сом;
- Көп чабындылар ИА'= 20,4 х 30= 612 сом.
2. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу