Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2025-жылдын 15-июлу № 61/7-29
Подгорное айылындагы сугат суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, 2025-жылдын 15-июлундагы Орловка шаарынын мэриясынын жумушчу комиссиянын протоколунун негизинде, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Подгорное айылында сугат суунун тарифи бир саатына 140 (бир жүз кырк) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Орловка шаарынын кеңешинин 2025-жылдын 15-майындагы № 46/5-29 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жана “Орловка суу каналы” муниципалдык ишкананын директоруна жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин өнөр-жай боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Бекен уулу Уранга жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |