Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VIII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 63/8-29
Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 6 айына карата аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде 2025-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышын карап жана талкуулап чыгып, төмөнкүлөр белгиленди:
2025-жылдын 6 айына карата киреше бөлүгү жалпысынан 65370,4 миң сом менен бекитилген, анын ичинде жергиликтүү бюджет - 62920,4 миң сом, атайын эсеп каражаттар - 2450 миң сом түзгөнү белгиленди. Отчеттук мезгилдин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 186622,6 миң сом, такталган план менен - 180487,6 миң сом, анын ичинде атайын эсеп - 3340,6 миң сомду түздү. Такталган планда - 183743,7 миң сом, 2025-жылдын 6 айына карата бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы - 181551,3 миң сом, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин каражаттары - 63567,9 миң сом, атайын каражаттар - 3627,2 миң сом, республикалык бюджеттин каражаттары - 114356,2 миң сомду түздү. Акча каражаттардын өтмө калдыгы 2025-жылдын 1-январына карата 3256,1миң сомду түздү, анын ичинде 1445,9 миң сом – атайын каражаттар, 1810,2 тыс.сом миң сом - бюджеттик каражаттар. 2025-жылдын 6 айына карата бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын эсебин алуу менен жалпысынан 181551,3 миң.сом түздү, анын ичинде:
-70111 «Мэриянын аппараты» - 6834,2 миң сом –бюджеттик каражаттар, респ.бюджет – 130,5 миң сом;
-70111 «Шаардык кеңеш»- 667,9 миң сом –бюджеттик каражаттар;
-70629 «Турак жай коммуналдык чарба» -34285,3 миң сом –бюджеттик каражаттар; 286,6 миң сом –атайын каражаттар, республикалык бюджет - 114208,3 миң сом.
-70823 «Маданият» -1679,6 миң сом –бюджеттик каражаттар;
-71092 «Соцкамсыздоо» - 2884,6 миң сом–бюджеттик каражаттар; жеңилдиктер респ/бюджет-17,4 миң сом.
-70911 «Бала бакчалар» -8755,3 тыс.сом –бюджеттик каражаттар; 3340,6 миң сом –атайын каражаттар;
-70921 «Орто мектептер» - 6513,7 миң сом – бюджеттик каражаттар;
-70961 «Балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби»-1804,9 миң сом –бюджеттик каражаттар;
-70429 «Жайыт комитет» - 142,4 миң сом.
Киреше бөлүктүн аткарылышы такталган планга карата 103,0% түзөт. Чыгаша бөлүктүн аткарылышы такталган планга карата 98,8 % түзөт.
Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасованын 2025-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Л.А.Абасованын жергиликтүү бюджеттин 2025-жылдын 6 айына карата аткарылышы жөнүндө отчету эске алынып канааттандырарлык деп таанылсын.
Төрага |
| М.И. Токтакунов |