Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VIII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 64/8-29
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин келечектүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө” жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомдорун жетекчиликке алып, Орловка шаарынын мэриясынын жер маселелери боюнча башкы адиси Т.Н.Темиркановдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин келечектүү планы бекитилсин.
2. Орловка шаарынын мэриясы бекитилген планга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Д.Токтакуновго жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И. Токтакунов |