Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VIII кезектеги сессиясы
2025-жылдын 6-августу № 65/8-29
Орловка шаарынын мэриясынын «жакыр үй-бүлөлөр» категориясы жөнүндө
«Жакыр үй-бүлө» категориясы боюнча каттоодо турган үй-бүлөнүн кирешесин жана муктаждыгын туура аныктоо үчүн, ошондой эле жакыр үй-бүлөгө социалдык паспорт толтурууда так маалымат алуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Орловка шаарынын мэриясынын катын карап жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясында «жакыр үй-бүлө» категориясы боюнча каттоодо турган адамдар жана «жакыр үй-бүлө» категориясы боюнча каттоого тургузуу өтүнүчү менен кайрылган бардык жарандар тарабынан “Түндүк” тиркемесинен социалдык маселелер боюнча бөлүмүнө төмөнкү маалымкаттар берилсин:
1) Иштеген жеринен 12 айлык эмгек акысы жөнүндө маалымкат.
2) Жумушсуздар үчүн Кемин райондук калкты ишке орноштуруу борборунан жумушсуз статусу жөнүндө маалымкат.
3) Жер үлүшү жана короо-жай участогу жок же бар экендиги жөнүндө маалымкат.
4) Мал жок же бар экендиги жөнүндө маалымкат.
5) Автоунаанын бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат.
6) Жубайлар өзүнчө жашаган учурда балдарына алимент алгандыгы жөнүндө маалымкат.
2. Керектүү маалыматтар жана маалымкаттар “Түндүк” тиркемесинде жок учурда, документтердин түп нускасы берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.А.Кабаевага жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И. Токтакунов |