Редакцияот 26.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2025-жылдын 22-июлу  №107

Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын “Бай-Серен” айылдык ичүүчү сууну керектѳѳчүлѳрдүн коомдук бирикмесинин таза сууга болгон тѳлѳмдѳрдүн баасын (тариф) коммерциялык (баня) мончолорго бекитүү жѳнүндѳ

                       Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын “Бай-Серен”  ИСКАКБнин башчысы Н.Насирдин уулунун кайрылуусунун негизинде,Тогуз-Булак айылынын “Бай-Серен”таза суусунун (тариф) тѳлѳмүн 500 (беш жүз) сомдон коммерциялык (баня) мончолорго бекитип берүү боюнча элдик протоколдун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, таза суунун тѳлѳмүн (тариф) бекитип берүү максатында  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

  1. Тогуз-Булак айылынын “Бай-Серен”  айылдык ичүүчү сууну керектѳѳчүлѳрдүн коомдук бирикмесинин  таза суусунун тѳлѳмдѳрүн (тариф) коммерциялык (баня) мончо жаккандарга айына  500  (беш жүз) сомдон бекитүүгѳ макулдук берилсин.
  1. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3.      Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын “Бай-Серен”  ИСКАКБнин башчысы Н.Насирдин уулуна милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага  тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                     С. Эркинбек уулу