Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №109
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын жергиликтүү тургундарына айылдык ичүүчү таза суусу менен огород сугаргандарга 5000 (беш миӊ) сомдон айып пул салуу жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын “Бай-Серен” ИСКАКБнин башчысы Н.Насирдин уулунун кайрылуусунун негизинде,Тогуз-Булак айылынын жергиликтүү тургундарынатаза суусу менен огород сугаргандарга 5000 (беш миӊ) сомдон айып пул салуу боюнчаэлдик протоколдун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын жергиликтүү тургундарына айылдык ичүүчү таза суусу менен огород сугаргандарга 5000 (беш миӊ) сомдон айып пул салууга“Бай-Серен” айылдык ичүүчү таза суу бирикмесине макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын “Бай-Серен” ИСКАКБнин башчысы Н.Насирдин уулуна милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу