Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №110
Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ
ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳгү маселе боюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл өкмөтүнө 2025-жылы бюджетине мектептерге көмүр сатып алууга каралган акча каражатынан тендерден үнөмдөлүп калган 462,6 миң сомду төмөндөгү беренелерге жылдырылсын.
2. 126,0 миң сомду мектептердин 3111 беренесине К.Иманалиев орто мектебинин 3-этажына жылуулук системасын киргизүүгө 105,0 миң сомун ЖКХнын 3113 беренесине жазында алынган көчөттөр үчүн, 72,2 миң сомун аппараттын 2212 беренесине айылдардагы МВДнын видео көзөмөлдөрүнүн абоненттик төлөмдөрүнө, 59,4 миң сомун мектептердин 2212 беренесине мектептерге коюлган МВДнын видео көзөмөлдөрүнүн абоненттик төлөмдөрүнө, 100,0 мин сомун мектептердин 2215 беренесине жылдырылсын.
3. Бала бакчалардын көмүр алууга каралган акча каражатынан үнөмдөлүп калган 119,6 миң сомдон 45,6 миң сомду бала бакчалардын 2211 беренесине кызматкерлердин сапардык чыгымдары үчүн, 44,2 миң сомду клубдардын 2221 беренесине Тогуз-Булак маданият үйүндө жайгашкан почта түйүнүнүн бөлмөсүнүн ремонтуна, 29,8 миң сомун мектептердин 2215 беренесине жылдырылсын.
4. Китепканалардын ремонтуна 2221 беренесине каралган акча каражатынан 8,9 миң сомду 2222 беренесине, Аппараттын 2215 беренесине каралган акча каражатынан 150,0 миң сомду ЖКХнын 2214 беренесине жылдырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу