Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №113
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин
киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык (КР СК 388 жана 404 берене нарктык зоналардын чектери, ошондой эле 0,3 төн 2ге чейинки өлчөмдө) турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштарды жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэффциентти (Кз) , Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүүмаксатында, салыктарга эсептелинүүчү зоналдык коэфициенти 1,5 коэфициентке кѳтѳрүү боюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүн кѳбѳйтүүмаксатында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык (КР СК 388 жана 404 берене нарктык зоналардын чектери, ошондой эле 0,3 төн 2ге чейинки өлчөмдө) турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштарды жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэффциентти (Кз) 1,5 кылып бекитип берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу