Редакцияот 26.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2025-жылдын 22-июлу  №115

Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коӊур-Ѳлѳӊ айылынын  “Ат-Жайлоо” айылдык ичүүчү суу керектѳѳчүлѳрдүн коомдук бирикмесинин таза сууга болгон тѳлѳмдѳрдүн баасын бекитүү жѳнүндѳ

             Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коӊур-Ѳлѳӊ айылынын “Ат-Жайлоо” айылдык ичүүчү суу керектѳѳчүлѳрдүн коомдук бирикмесинин башчысы А.Намазбекованын кайрылуусунун негизинде,Коӊур-Ѳлѳӊайылынын “Ат-Жайлоо” айылдык ичүүчү суу керектѳѳчүлѳрдүн коомдук бирикмесинин  таза суусунун (тариф) тѳлѳмүн 1 (бир) тоннага 40 (кырк) сомдон бекитип берүү боюнча элдик протоколдун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, таза суунун тѳлѳмүн (тариф)бекитип берүү максатында  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коӊур-Ѳлѳӊ айылынын “Ат-Жайлоо” айылдык ичүүчү суу керектѳѳчүлѳрдүн коомдук бирикмесинин таза сууга болгон тѳлѳмдѳрүн (тариф)  1 (бир) тоннага 40 (кырк) сомдон бекитип берүүгѳ  макулдук берилсин.
  1. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3.      Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коӊур-Ѳлѳӊайылынын “Ат-Жайлоо” айылдык ичүүчү суу керектѳѳчүлѳрдүн коомдук бирикмесинин башчысы А.Намазбековага милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага  тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                         С. Эркинбек уулу