ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-январы №1/1
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүнүн негизинде Орок атындагы айыл аймагы Бишкек шаарынын курамына кирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Орок айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 1 кезексиз сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук районунун Орок атындагы айыл аймагы Бишкек шаарынын курамына кирүү маселеси колдоого алынсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамына ылайык www. gagsmsu@gmail.com сайтына жарыялансын.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Ысакуловго жүктөлсүн.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы |
|
У. Бекболотов |