Загрузка документа…
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши
VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2025-жылдын 22-июлу №118
“Ак-Эмгек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин 2024-жылы аткарган иштери боюнча жана 2025-жылдын 6 айлыкта аткарган иштери боюнча отчет берүү жѳнүндѳ
“Ак-Эмгек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу Айтказы уулу Мараттын 2025-жылдын 6 айлыкта аткарган иштери боюнча отчетунун докладынын негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын жана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. “Ак-Эмгек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин 2024-жылы аткарган иштери боюнча жана 2025-жылдын 6 айлыкта аткарган иштери жѳнүндѳ отчету кабыл алынбасын.
2. “Ак-Эмгек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин 2024-жылы аткарган иштери боюнча жана 2025-жылдын 6 айлыкта аткарган иштери жѳнүндѳ отчету канааттандырлаарлык эмес деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссияларынын тѳрагаларына тапшырылсын.
Төрага С. Эркинбек уулу