Загрузка документа…
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары
XXXI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ
18.08.2025 ж №31/17-12
Чолпон-Ата шаарынын “Ардактуу Атуулу” наамынын типтүү Жобосун бекитүү жɵнүндɵ
“Ардактуу Атуул” наамын ыйгаруу боюнча комиссиянын №1 Протоколунун сунушунун негизинде, шаардык кеңешинин депутаттары сессиянын жүрүшүндɵ меселени карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши
Токтом кылат:
1.Чолпон-Ата шаарынын “Ардактуу Атуулу”наамын ыйгаруу боюнча типтүү Жобосу №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы №29/30-4 Токтому жокко чыгарылсын.
3. Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 24-августундагы №30/5-10 Токтомунун жокко чыгарылсын.
4. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Молдобеков
№1 тиркеме
БЕКИТИЛДИ
Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин
XXXI чакырылышынын кезектеги
XVII сессиясынын
№_________токтому менен
«______»______________2025-ж
«Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам жөнүндөгү Жобосу
I Жалпы жоболор
1. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам алуучулардын шаардын коомчулугу алдындагы кɵрүнүктүү кызматын белгилеп, алардын шаардын пайдасына, анын ɵнүгүп гүлдɵшүнɵ жетишүүгɵ жумшалган ɵздүк ишмердүүлүктɵрүн колдоо максатында дайындалат.
2. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам коомдук иштерге жигердүү катышкан жана катышып жаткан, шаардын маданий, социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнɵ, калктын жашоо шарттарын жакшыртууга, укуктук жана эмгектик тартипти, шаардыктардын достугун жана биримдигин бекемдɵɵгɵ ɵзгɵчɵ салым кошкон, урматка ээ болгон жана башкаларга, ɵзгɵчɵ жаштарга ɵсүп келе жаткан муундарга үлгү болгон атуулдарга ыйгарылат.
3. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын атуулдарына жана чет ɵлкɵнүн атуулдарына жекече берилет жана кайрадан алынбайт.
4. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамы, соттуулугу салына элек же жоюла элек атуулга ыйгарууга мүмкүн эмес.
5. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон адамга «Чолпон- Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген жазуусу бар тɵш белги, тасма жана «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген күбɵлүк тапшырылат (алардын сүрɵттɵмɵсү Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин токтому менен бекитилет).
II«Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун негиздери
2.«Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наамды ыйгарууга тɵмɵнкүлɵр негиз боло алат:
*кɵп жылдык натыйжалуу кайрымдуулук жана меценаттык ишмердүүлүк;
*Чолпон-Ата шаарынын тургундары үчүн эрдикти кɵрсɵткɵндүк;
*Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын кɵпчүлүгүнүн алкоосуна ээ болгон мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданий, чарбалык, коомдук жана башка ишмердүүлүк жааттарындагы, Кыргыз Республикасы жана Чолпон-Ата шаары үчүн кɵрүнүктүү натыйжаларга жетишүү;
*шаардык структуралык системасында (уюмдарда жана мекемелерде) 20 жылдан кем эмес үзүрлүү эмгектин натыйжасында, шаардын тургундарынын арасында туруктуу жана кеңири таанымал болгондук.
*ɵзүнɵ жүктɵлгɵн милдеттерине жана калк тарабынан берилген тапшырмаларга үлгүлүү мамиле кылуу;
*ɵсүп келе жаткан муундарды окутуу жана тарбиялоодо ɵзгɵчɵ жетишкендиктер;
*калктын саламаттыгын сактоодо ɵзгɵчɵ жыйынтыктарга жетишкендик;
*коомдук тартипти бекемдɵɵдɵ ɵзгɵчɵ салым кошкондук;
*элдик чыгармачылыкты ɵркүндɵтүүгɵ, коомдоштуктун маданий коомдук турмушуна ɵзгɵчɵ салым кошкондук;
*шаардын экономикасына ɵзгɵчɵ салым кошкон;
*спорт жана маданий чɵйрɵсүндɵ ɵзгɵчɵ сиңирген эмгеги үчүн;
*жогоруда аталган кɵрсɵткүчтɵр менен катар, атуул коомдук пайдалуу иштерге активдүү катышканы, үй-бүлɵɵлүк турмушта үйдү, короо жайды күткɵндɵ үлгү болгону жана башка коомчулукка ɵтɵ керектүү кызматтарды кɵрсɵткɵндүгү эске алынат.
3.Чолпон-Ата шаарына ɵзгɵчɵ эмгек сиңиргендиги үчүн, «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» деген наам Чолпон-Ата шаарынын тургуну болбогон Кыргыз Республикасынын атуулдарына жана чет мамлекеттердин атуулдарына ушул бɵлүктүн экинчи пунктунда каралбаган, бирок ушул адамга бул наамдын берилиши чоң коомдук-саясий мааниге ээ болгондо ыйгарылышы мүмкүн.
III «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамына
ыйгаруунун эрежелери
1.«Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын берүү жɵнүндɵгү сунушту, Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин депутаттары, Чолпон-Ата шаардык мэриясы, жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун аймактык органдары жана кайрылуу иретинде уюмдар, коомдук бирикмелер жана атуулдар бере алышат.
2. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жɵнүндɵгү сунуштар комиссияга жеке түрүндɵ киргизилет жана ар бир талапкер боюнча ɵзүнчɵ каралат.
3. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жɵнүндɵгү ɵз талапкерлигин кɵрсɵткɵн адамдардын сунуштары каралбайт.
4. Адам каза болгондон кийин ага «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу сунуштары каралбайт.
5. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу (ыйгарбоо) жɵнүндɵгү чечим Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында, депутаттардын жалпы санынын кɵпчүлүк добушу менен, жашыруун (ачык) добуш берүү менен кабыл алынат жана Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин токтому менен таризделет.
6. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамы Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясында жылына бир жолу ыйгарылат.
7.”Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын 1же 6 жаранга эле ыйгарылат.
8. Адаттан тышкары учурларда, ɵзгɵчɵ мааниге ээ даталарга карата комиссия «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча маселени карайт жана ушул Жобого ылайык, маселени кезектеги сессиянын кароосуна киргизет.
9. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жɵнүндɵ маселе жана ал боюнча чечим, кɵрсɵтүлгɵн талапкерлердин катышуусуз кароо мүмкүн.
10.»Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга кɵрсɵтүлгɵн талапкерлердин маселеси жылына бир гана жолу каралат.
11. «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди кɵрсɵтүү жылдын 1-январынан баштап 31-июлга чейин кабыл алынат.
12.Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңешинин алдындагы «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча комиссиясы ɵз ишмердүүлүгүн ушул Жобого ылайык алып барат.
13.Туруктуу комиссия:
* «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды, түшкɵн материалдарды карайт, керек болсо кошумча документтерди шаардын мэриясынан талапкер жɵнүндɵ маалыматты суратат.
* «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун аймактык органдары, уюмдар, коомдук бирикмелер жана атуулдар тарабынан кɵрсɵтүлгɵн талапкерлерди сессияда кароо жɵнүндɵ чечим кабыл алат.
*Керек учурда «Чолпон-Ата шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу маселеси карала турган комиссиянын отурумуна талапкерди чакырат.
IV. Наамды тапшыруу жана Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулдарын урматтоонун тартиби
1.«Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулу тасмасы, тɵш белгиси жана күбɵлүгү ыйгарылган адамга, салтанаттуу кырдаалда, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин тɵрагасы жана Чолпон-Ата шаарынын мэри тарабынан, шаардык Кеңештин депутаттарынын, коомчулуктун кɵзүнчɵ тапшырылат.
2. Чолпон-Ата шаарынын атуулдарынын аты-жɵнү «Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулдары» китебине хронологиялык тартипте жазылат.
3. Чолпон-Ата шаарынын Ардактуу атуулдары, Чолпон-Ата шаардык депутаттар Кеңеши жана Чолпон-Ата шаарынын мэри тарабынан, мамлекеттик майрамдарга арналган, Чолпон-Ата шаарында уюштурулган иш –чараларга жана башка маанилүү окуяларга чакырылат.
Чолпон-Ата шаардык
кеңеши жооптуу катчысы Г.Андабекова