Загрузка документа…
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары
XXXI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ
18.08.2025 ж №31/17-14
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXXI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
Чолпон-Ата шаарынын “Аксакалдар Сотунун” Жобосун бекитип берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар Сотунун” №52 мыйзамынын негизинде, Чолпон-Ата шаарынын мэринин орун басары К.М.Сопиевдин 2025-жылдын 14-июнундагы №01-8/1546 иш кагазынын сунушун шаардык кеӊештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-августундагы отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарынын “Аксакалдар Сотунун” Жобосу бекитилсин.(тиркелет)
2. Чолпон-Ата шаарынын мэри Р.Б.Кадыркуловго:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк, укук коргоо, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Молдобеков
№1тиркеме
БЕКИТИЛДИ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин
XXXI чакырылышынын кезектеги
XVII сессиясынын
№_________токтому менен
«______»______________2025-ж
Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарынын аксакалдар
сотторунун ишинин регламенти
I глава. Жалпы жоболор
1.Аксакалдар сотунун ушул регламенти Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары — Мыйзам) ылайык иштелип чыгылды жана Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын аймагында түзүлүүчү аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгүн уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин жөнгө салат.
2.Аксакалдар соттору- булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, прокурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди Мыйзамда белгиленген тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук органдар.
3.Аксакалдар сотторунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси), Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамы түзөт.
Ушул Регламентте колдонулган терминдер.
Аксакалдар сотунун мүчөсү- Кыргыз Республикасынын жарандыгын
алган, элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн