Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-августундагы № 518
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан“Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 121, 122-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 7-июлундагы № 162 токтомун жана Бишкек шаарынын мэриясынын жер комиссиясынын 2025-жылдын 19-июнундагы корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын Октябрь районундагы № 19 контурда жайгашкан, Дж.К. Медетбекованын жеке менчигинде турган, жалпы аянты 1,5 га сугат айдоо жер участогу көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу пайдаланууну;
3) жогоруда аталган жер участогунун шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) аймактын жашоо-тиричиликти камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн өздүк каражаттарынын эсебинен уюштурууну;
5) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда алардын сакталышын;
6) “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкени сактоону;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны алып коюуну жана баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары менен белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү зыяндын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
9) коомдук саламаттык сактоо жаатында ченемдик актыларды сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.