ТоктомКүчүндө

Биримдик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 3 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №199 сандуу тескемеси жана 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271 Жарлыгын аткаруу жөнүндө" токтому

Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИМДИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 29-ноябры № 3

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №199 сандуу тескемеси жана 2024-жылдын 20-сентябрындагы “ Кезектеги Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгын аткаруу жөнүндө”.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №199 сандуу тескемеси жана 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 Жарлыгын аткаруу боюнча маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Биримдик айылдык Кеңешинин II чакырылышынын 1-кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №199 сандуу тескемеси жана 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 сандуу Жарлыгы аткарууга алынсын.

2. Биримдик айыл аймагында кезектеги III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын календардык планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркелет)

3. Биримдик айыл аймагында кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштурууга жана техникалык жактан камсыздоого көмөктөшүү боюнча комитети (мындан ары-жумушчу топ) курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Биримдик айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындары өткөрүү участкалары жана өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүү графиги №3, №4 тиркемелерге ылайык бекитилсин.

5. Биримдик айыл аймагында өкүлчүлүктү жыйын 2024-жылдын 07- декабрда саат 10.00 до Ак-Дөбө айылынын маданият үйүндө өткөрүлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам. 

 

 

Төрага

 

Т. А. Бечелов

 

 

Биримдик айыл аймагынын айылдык

кеңешинин 2024 - жылдын

29-ноябрь №3

токтомуна № 1 тиркеме

 

Биримдик айыл аймагында III Элдик Курултайды делегаттарды шайлоону өткөрүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чара планы.

№

Иш чаралардын мазмуну

Аткарууга жооптуу

Мөөнөтү

Эскертме

1.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- августундагы “ Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгы менен кабыл алынган убактылуу Жобонун ченемдери тууралуу калк арасында маалыматтык өнөктүктөрүн уюштуруу

Биримдик айыл өкмөтү

Октябрь-ноябрь

 

2.

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүүнү уюштурууда материалдык-техникалык базалар менен камсыздоого көмөктөшүү.

Биримдик айыл өкмөтү

Октябрь-ноябрь

 

3.

Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону өткөрүүдө катышуучулардын коопсуздугун сактоо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу.

Бакай-Ата РИИБ

Октябрь-ноябрь

 

4.

Элдик Курултай жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жүрүшүн кеңири чагылдырып, атайын рубрикаларды уюштуруу.

 

 

 

 

5.

Атайын түзүлгөн графиктин негизинде жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу.

Биридик айыл өкмөтү

Графиктин негизинде

 

Биримдик айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:

 

Т.Момунтаев

 

 

Биримдик айыл аймагынын айылдык

кеңешинин 2024 - жылдын

29-ноябрь №3

токтомуна №2 тиркеме

 

III Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштурууга жана техникалык жактан камсыздоого көмөктөшүү боюнча Биримдик айыл аймагынын жумушчу топтун курамы.

1.1.

 

- Биримдик айыл аймагынын айылдык кеңештин

төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

 

 

 

1.2. Т.Момунтаев

 

- Биримдик айылдык кеңешинин жооптуу

катчысы, төраганын орун басары;

 

 

 

1.3 Н.Бейшеналиева

 

- Биримдик айыл өкмөтүнүн санариптештирүү жана

кагаздарды жүргүзүү боюнча адиси, катчысы;

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

1.4 Н.Малабекова

 

- Биримдикайыл аймагынын аялдар кеңешинин

төрайымы;

 

 

 

1.5. Атамбеков А

 

- Биримдик айылдык кеңешинин депутаты;

 

 

 

1.6. Өзбеков Ч

 

- Биримдик айылдык кеңешинин депутаты;

 

 

 

1.7. Э.Итикулов

 

- Өзгөрүш айылынын айыл башчысы;

 

 

 

1.8. Жузумамбет уулу Н

 

- Кең-Арал айылынын айыл башчысы;

 

 

 

1.9. А.Муктарова

 

-Биримдик айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адис;

 

 

 

1.10. Н.Узбеков

 

- Биримдик айыл аймагынын аксакалдар сотунун

төрагасы;

 

 

 

1.11.К.Сагынбаев

 

- Биримдик айыл аймагынын жаштар кеңешинин

мүчөсү.

Биримдик айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:

 

Т.Момунтаев

 

 

Биримдик айыл аймагынын айылдык

кеңешинин 2024 - жылдын

29-ноябрь №3

токтомуна № 3 тиркеме

 

Биримдик айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жана өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги.

№

Жааматтар

(делегаттарды шайлоо)

Аткарууга жооптуулар

Аткаруу мөөнөтү

1.

Кызыл-Сай айылы.

Биримдик айылдык кеңешинин төрагасы .IIIЭлдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитеттин мүчөлөрү. Айыл өкмөттүн кызматкерлери.

2024-жылдын 04-декабрда саат 10.00 до, Нурмамбетов Кубан эшик алды

2.

Ак-Дөбө, Кызыл-Чарба айылдары

Биримдик айылдык кеңешинин төрагасы .IIIЭлдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитеттин мүчөлөрү. Айыл өкмөттүн кызматкерлери.

2024-жылдын 04-декабрды саат 14.00до Ак-Дөбө айылы маданият үйү

3.

Өзгөрүш айылы

Биримдик айылдык кеңешинин төрагасы III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитеттин мүчөлөрү. Айыл өкмөттүн кызматкерлери.

2024-жылдын 05-декабрда саат 10.00до У.Акынбеков орто мектеби

4.

Кең-Арал айылы

Биримдик айылдык кеңешинин төрагасы III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитеттин мүчөлөрү. Айыл өкмөттүн кызматкерлери.

2024-жылдын 05-декабрда саат 14.00до Кең-Арал айылы маданият үйү

5

Өкүлчүлүктүү жыйын

Биримдик айылдык кеңешинин төрагасы III Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитеттин мүчөлөрү. Айыл өкмөттүн кызматкерлери.

2024-жылдын 07-декабрда саат 10.00до Ак-Дөбө айылы маданият үйүнүн жыйындар залында.