Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-августу № 512
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү максатында, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринде жана ченемдеринде:
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Санитардык эрежелер долбоорлонуп, иштеп, курулуп жана кайрадан конструкцияланып, башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы билим берүүнү жүзөгө ашырып жана жалпы билимдин жалпы билим берүүчү программаларынын деңгээлдерине ылайык билим берүү процессин жүзөгө ашырып жаткан жалпы билим берүү уюмдарына алардын менчигинин түрүнө жана формасына карабастан жайылтылат:
жалпы башталгыч билим берүү (мындан ары – билим берүүнүн 1-деңгээли);
жалпы негизги билим берүү (мындан ары – билим берүүнүн 2-деңгээли);
жалпы орто билим берүү (мындан ары – билим берүүнүн 3-деңгээли).”,
– 5-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) билим берүү программасы – конкреттүү бир деңгээлдеги, багыттагы, максаттарды, милдеттерди, пландаштырылган натыйжаларды, конкреттүү деңгээлдеги билим берүү процессин уюштурууну аныктоочу билим берүү мазмуну;”;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) жалпы билим берүү – коомдо активдүү иштөө үчүн бул системанын деңгээлдерине шайкеш келүүчү жетиштүү билимди, жөндөмдү, практикалык көндүмдөрдү жана компетенцияларды камсыз кылуучу тарбиялоо жана окутуу системасы.”;
– 11-пунктта: