Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №10
«Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкени мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 30.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3919 сандуу жана 02.07.2025-жылдагы чыг.№01-18/4026 сандуу каттарды, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 02.07.2025-жылдагы кеӊейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын Чапкындык көчөсүнүн №22к дарегинде жайгашкан 20 719,8 чарчы метр муниципалдык жер тилкесинде жайгашкан жалпы аянты 2 319,0 чарчы метр муниципалдык имараттарды жана курулмаларды бузууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын Чапкындык көчөсүнүн №22к дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-05-1005-0366) 20 719,8 чарчы метр муниципалдык жер тилкесинин 20 000,0 чарчы метр бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнө акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) имараттарды бузууда мыйзам чегинде иш алып баруу жана коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн. Жалал-Абад шаарынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкесин өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |