Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №11
«Мамлекеттик менчиктеги мүлктү
муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 30.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3921 сандуу катты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 02.07.2025-жылдагы кеӊейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик менчиктеги Жалал-Абад шаарынын Строителей көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-02-0024-2461) 31 977,8 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мжриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) мүлктөрдү өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |