Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №12
« Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин X-чакырылышынын
22.04.2025-жылдагы кезектеги VIII-сессиясынын №6-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 30.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3971 сандуу катты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 02.07.2025-жылдагы кеӊейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин X-чакырылышынын 22.04.2025-жылдагы кезектеги VIII-сессиясынын №6-токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан А.Анарбаевге таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0017-188) жалпы аянты “2000,0 чарчы метр” деген сөздөр “1 737,90 чарчы метр” деген сөздөргө өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкесин өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |