Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №17
«Жалал-Абад шаарындагы Сатыбалды Давлетов атындагы №14 жалпы орто билим берүүчү мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында
бөлүнгөн максаттуу трансфертти чыгымдоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 05-июлундагы №574-т сандуу тескемесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоковдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Сатыбалды Давлетов атындагы №14 жалпы орто билим берүүчү мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын 2025-жылга карата республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине бөлүнгөн 2 700 000 (эки миллион жети жүз миң) сом өлчөмүндө максаттуу трансферт катары бөлүнгөн акча каражатты Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу каржылоого макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине келип түшкөн максаттуу трансфертти Жалал-Абад шаарынын 2025-жылга бекитилген бюджетине киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатты иштетүүдө мыйзам талаптарын сактоо жана акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |