Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №18
«Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 07.07.2025-жылдагы чыг.№01-18/4164 сандуу катты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 07.07.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүнүн №13 дарегинде жайгашкан “Кампа Кей Джи” жабык акционердик коомуна таандык жалпы аянты 631,0 чарчы метр (индентификациялык номери 3-10-02-0024-1572) жана 410,0 чарчы метр (индентификациялык номери 3-10-02-0024-1571) жеке менчик жер тилкелерин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пункттунда көрсөтүлгөн 631,0 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кабыл алынгандан кийин, Турабаева Айнура Садыковнага таандык Б.Осмонова №115а дарегиндеги 631,0 чарчы метр жер тилкеге алмашууга макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндөгү 26а дарегинде жайгашкан 4050 чарчы метр жер тилкесинин укуктук зонасын П-1 укуктук зонасынан С-1 укуктук зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүнүн №117 дарегинде жайгашкан 1150 чарчы метр жер тилкесинин укуктук зонасын Ц-2 укуктук зонасынан С-1 укуктук зонасына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
5. Аталган жер тилкелерин жана 806,78 чарчы метр курулмасы менен Жалал-Абад шаарындагы №14 С.Давлетов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектепке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
6. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкелерин өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
7. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
10. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |