Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №19
«Жалал-Абад шаардык кеңешинин 30.05.2023-жылдагы кезексиз
XXVIII сессиясынын №12-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 18.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3674 сандуу каттын негизинде жана Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоковдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 30.05.2023-жылдагы кезексиз XXVIII сессиясынын №12-токтомунун 3-пункту жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын Курманбек №8 көчөсүндө жайгашкан муниципалдык имараттын эмерек саткан бөлүгүнө 1 чарчы метр жер тилкесине ижара акысы 1 айга 140 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) ижара төлөмүн жергиликтүү бюджетке түшүрүү жана ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |