Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №20
«Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин X-чакырылышынын 29.05.2025-жылдагы кезектеги IX-сессиясынын №5-токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоковдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин X-чакырылышынын 29.05.2025-жылдагы кезектеги IX-сессиясынын №5-токтомунун 3-пунктунда көрсөтүлгөн “Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнүн №4а дарегинен бөлүнүп Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык 1200,0 чарчы метр жер тилкесин алмашуу жолу менен К.Исмановго” деген сөздөн кийин “Айыл Банк” ачык акционердик коому аркылуу деген сөз кошулсун.
2. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин X-чакырылышынын 29.05.2025-жылдагы кезектеги IX-сессиясынын №5-токтомунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн “Э.Бегимкуловго таандык” деген сөздөн кийинки (идентфикациялык номери-3-10-03-0011-1434) жалпы аянты 300,0 чарчы метр деген сөз (идентификациялык номери-3-10-03-0011-1457) жалпы аянты 290,7чарчы метр деген сөз менен алмашылсын жана Мичурин көчөсүнүн №27-г дареги деген сөз менен толукталсын.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкесин өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын Фрунзе көчөсүнүн №27в дарегинде жайгашкан 1357,0 чарчы метр жер участкасын (идентификациялык номери-3-10-03-0011-1401) К.Исмановтон “Айыл банк” ачык акционердик коому аркылуу муниципалдык менчикке кабыл алынгандан кийин, мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
5. Жалал-Абад шаарынын Мичурин көчөсүндө жайгашкан 600,0 чарчы метр жер участкасын (идентификациялык номери-3-10-03-0011-1434) М.Бегимкуловтон муниципалдык менчикке кабыл алынгандан кийин, мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
6. Жалал-Абад шаарынын Мичурин көчөсүндө жайгашкан 290,7м2 чарчы метр жер участкасын (идентификациялык номери-3-10-03-0011-1457) Э.Бегимкуловтон муниципалдык менчикке кабыл алынгандан кийин, мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
7. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкесин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
10. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |