Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз Х сессиясынын
2025-жылынын 7-июлу №21
«Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 24.05.2006-жылдагы
XVII-сессиясынын №3-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 30.06.2025-жылдагы чыг.№01-18/3970 сандуу катты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 02.07.2025-жылдагы кеӊейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалалабат шаардык депутаттар кеӊешинин 24.05.2006-жылдагы XVII-сессиясынын №3-токтому менен бекитилген “Жалалабат шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежеси” тартибинин 28-статьясында көрсөтүлгөн В-1-суу объектилерин сууну коргоо тилкелер зонасынын 2-абзацына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) “Жалалабат шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежеси” тартибинин 28-статьясында көрсөтүлгөн В-1-суу объектилерин сууну коргоо тилкелер зонасынын экинчи абзацындагы “Сел-Арык каналы үчүн (узундугу 21,6 км. суунун агуусу 3 куб.м./сек)-30м.” деген сөздөр “Сел-Арык каналы үчүн (узундугу 21,6 км. Суунун агуусу 10 куб.м./сек чейин)-6м.” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагындагы Көк-Арт дарыясынын сууну коргоочу тилкесинин кеңдигин шаарга кирген аймактар боюнча жээгинен 50 метрден бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) өз ишмердүүлүгүндө ушул токтомду жетекчиликке алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Турдубеков О.Т. |