Загрузка документа…
Тиркеме1
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-августундагы № 528 токтомуна) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-глава. Жалпы жоболор 1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – Мекеме) ишин регламенттейт. 2. Мекеме ыкчам башкаруу укугуна негизделген мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат. Мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. Мекеме Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ведомстволук уюму болуп саналат жана ага түздөн-түз баш ийет. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары – Министрлик) Мекеменин уюштуруучусу болуп эсептелет. 4. Жобо Мекеменин уюштуруу документи болуп саналат. 5. Мекеме белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу. 6. Мекеменин мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү, штампы, бланктары жана башка реквизиттери бар. 7. Мекеменин толук фирмалык аталышы: – мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемеси»; – расмий тилде: «Государственное учреждение «Е-Дипломат» при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики». Кыскартылган фирмалык аталышы: – мамлекеттик тилде: «Е-Дипломат» ММ; |