Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 7-февралы № 16/5

 

Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл аймагынын административдик аймагында жер салыгын, мүлк салыгын киргизүү жана 1,2,3-топ боюнча обьектилердин мүлк салыгы жана Кз зоналык коэффициенттин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 17.10.2013-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндө” №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүнүн негизинде Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл аймагынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинде көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактоо жана салык төлөмдөрдү көбөйтүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу  максатында жана 2013-жылдын 6-сентябрындагы Ак-Тал айылдык кенешинин кезексин 8/1 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилбегендигин белгилеп Ак-Тал айылдык  Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. 2013-жылдын 6-сентябрындагы Ак-Тал айылдык кенешинин кезексиз № 8/1 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилбегендиги белгиленсин.

2. 2021-жылдын 1-январынан баштап Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл аймагынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:

- короо жай алдында багбанчылык жер участокторун  пайдалангандыгы үчүн огород салыгы, айыл чарбасына багытталбаган жердин салыгы.

-1.2.3-топ боюнча мүлк обьектилеринин мүлк салыгы.

- Кз-зоналык коэффицентинин мааниси 1.0 өлчөмдө бекитилсин.

Эептери Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин” негизинде жүргүзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагы социалдык финансы жана бюджет боюнча тармактык комиссиянын төрайымына тапшырылсын жана аткаруу жагы айыл өкмөттүн кирешелер боюнча адиси Абдылдаева Мыскалга милдеттендирилсин.

 

Кенештин төрагасы:

 

Д. Алыбаев