АК-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 7-февралы № 16/9
Бургулоо жолу менен таза суу чыгаруу үчүн муниципалдык жерди менчикке алуу жөнүндө.
Ак-Тал айыл аймагынын А.Жумалиев көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы сайдын жээгинде жайгашкан парктын жанындагы бош жаткан жерди менчикке алуу боюнча маселени угуп жана талкуулап токтом кылат.
1. Ак-Тал айыл аймагынын А.Жумалиев көчөсүнүн күн чыгыш тарабындагы сайдын жээгинде жайгашкан парктын жанындагы бош жаткан муниципалдык жерден 120 кв метр жер аянты бургулоо жолу менен таза суу чыгаруу үчүн Ак-Тал айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абышбаев Руслан Качкынбековичке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер агрардык реформа, курулуш,транспорт байланыш боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| Д. Алыбаев |