Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/9
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №1 мектепке чейинки билим берүү уюмунун айланасында өсүп- жетилип, коопсуздук жараткан айрым бак-дарактарды жана бакчанын кире беришинде өсүп, тамырлары тереңдеп, имараттын пайдубалына зыян келтирген 1 (бир) түп арчаны кыйдырууга макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIIIчакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №1 мектепка чейинки билим берүү уюмунун айланасында өсүп-жетилген жана коопсуздук жараткан 3(үч) түп кара жыгачты кыйдырууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы теректерди кыйуу үчүн Ош облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан уруксат кат алуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге, жана «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын директору Ж. Калдыбаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |