Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/10
Гүлчө айыл аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүнө, эс алуучу жайларга (маданият үйү, клуб ж.б.), мекеме ишканаларына, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү жана Гүлчө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIIIчакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Ажибековдун сунушу боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүнө, эс алуучу жайларга (маданият үйү, клуб ж.б.), мекеме ишканаларына, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун жана Гүлчө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. Кабыл алынган Жобонун талаптары мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана депутаттык этика жана анын ишмердүүлүгү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана депутаттык этика жана анын ишмердүүлүгү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |