Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/11
Гүлчө айылынын тургундары Айсариев Эмирбек Назарбековичке, Кенебаев Нурэмирбек Мустафаевичке, Абдиева Гульзина Нуралиевнага, Назиров Туратали Сабыралиевичке жана Шарипбек уулу Канатбектерге Гүлчө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, депутат Б.Нуралиевдин, Гүлчө айыл аймагынын социалдык-өнүгүүсүнө салым кошуп, COVID-19 учурунда элди дары-дармек менен камсыздап, элге кызмат көрсөтүшкөн, учурда элдин жашоо шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн, инвестициялык долбоорлорду тартып, Гүлчө айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртууда өзгөчө салым кошкон, аты аталган атуулдар жөнүндө билдирүүсүн угуп, “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын 20.10.2021.. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесинин 9-пунктуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагынын социалдык-өнүгүүсүнө салым кошуп, элдин жашоо шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн, элди туруктуу жумуш орду менен камсыз кылып, инвестициялык долбоорлорду тартып, Гүлчө айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртууда кошкон салымдары үчүн, Гүлчө айылынын тургундары Айсариев Эмирбек Назарбековичке, Кенебаев Нурэмирбек Мустафаевичке, Абдиева Гульзина Нуралиевнага, Назиров Туратали Сабыралиевичке, Шарипбек уулу Канатбектерге - Гүлчө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Гүлчө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган Гүлчө айылынын атуулдарына «Ардактуу атуулу» жазуу лентасы, күбөлүгү жана төш белгиси ыйгарылсын.
3. Гүлчө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана депутаттык этика жана анын ишмердүүлүгү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |