Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/12
Гүлчө айыл аймагындагы мектеп мугалимдеринин 2024-2025-окуу жылында окуучуларга терең билим, татыктуу тарбия берүүдө жигердүүлүк жана чыгармачылык изденүү менен билим берүүдө жараткан зор жетишкендиктери үчүн жана жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу үзүрлүү эмгектери үчүн Гүлчө айылдык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйлоо жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIIIчакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, депутат Н.Камалованын сунушу боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу мектептерде 26-май күнгө белгиленген “Акыркы коңгуроо” салтанатына карата, мугалимдердин коомдогу орду, билим берүүдөгү ийгиликтери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап, педагогикалык кеңешмелердин жана кесиптик кошун уюмдарынын чогулуштарынын протоколдоруна жана сунуштарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктарынын негизинде, Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы сунуштарга ылайык, 2024-2025-окуу жылында окуучуларга терең билим, татыктуу тарбия берүүдө жигердүүлүк жана чыгармачылык изденүү менен жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу үзүрлүү эмгеги жана билим берүүдөгү зор жетишкендиктери үчүн, төмөндөгү мугалимдер Гүлчө айылдык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйлансын.
2. Гүлчө айылдык кеңешинин “Ардак грамотасы” менен сыйлоо үчүн жумшалган акча каражаты Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жумшалсын.
3. Кабыл алынган бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана депутаттык этика жана анын ишмердүүлүгү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |