Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/13
Гүлчө айыл аймагына караштуу мектептерден билим алган 2005-жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык жолугушуу кечесин өткөрүүдө, атайын уюштуруу тобу тарабынан Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Ыраазычылык каты” менен сыйлоо боюнча кеңешке келген сунуштар жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Ажибековдун, Гүлчө айыл аймагынын социалдык-өнүгүүсүнө салым кошуп, элдин жашоо шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн инсандар жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021.№123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн социалдык–экономикалык өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп, элдин жашоо шартын жакшыртууда көмөк көрсөтүшкөн жана коомдук иштерге активдүү катышкандыктары үчүн, төмөндөгү атуулдар Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Ыраазычылык каты” менен сыйлансын.
2. Гүлчө айылдык кеңешинин “Ыраазычылык каты” менен сыйлоо үчүн жумшалган акча каражаты Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жумшалсын.
3. Кабыл алынган бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук жана депутаттык этика жана анын ишмердүүлүгү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |