Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/14
Гүлчө айыл аймагында жайгашкан мектептерден жана №67 Кесиптик лицейден билим алган окуучулардын 2024-2025-окуу жылындагы окуудагы мыкты ийгиликтери, эң жакшы көрсөткүчтөргө жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдүү катышып, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган окуучуларды Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Мактоо баракчасы” менен сыйлоо боюнча депутат У.Ө. Тажибаевдин сунушу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, депутат У.Ө.Тажибаевдин сунушу боюнча мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги отурумунун чечими менен таанышып чыгып, кеңешке сунушталган тиешелүү педагогикалык кеңешменин протоколдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагына караштуу мектептерде жана №67 Ж.Раймкулов атындагы кесиптик лицейде окуп билим алган окуучулардын 2024-2025-окуу жылындагы окуудагы жетишкендиктери, үлгүлүү жүрүм-туруму, сабактарда эң мыкты көрсөткүчтөрү жана коомдук иштерге активдүү катышкандыктары үчүн сунушта көрсөтүлгөн төмөндөгү окуучулар Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Мактоо баракчасы” менен сыйлансын.(Тиркеме тиркелет).
2. Гүлчө айылдык кеңешинин “Мактоо баракчасы” менен сыйлоо үчүн жумшалган акча каражаты жеке өзүнүн демилгеси боюнча сунуш берүүчү тарабынан каржылансын.
3. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана депутаттык этика жана анын ишмердүүлүгү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |