Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/15
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл акыны, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата арналган иш-чаралар планына ылайык, Сооронбай Жусуевдин ысымын Гүлчө айылынын Ж.Раимкулов атындагы №67 Кесиптик лицейдин каптал тарабында жайгашкан Нарматов көчөсүнүн кесилишиндеги аталышы жок көчөгө ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, айыл өкмөт башчысынын орун басары Э.Кадырованын, аталган маселе боюнча жамааттын чогулушунун протоколунун негизинде баяндамасын угуп, кеңеш тарабынан бекитилген Гүлчө айыл аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүнө, эс алуучу жайларга (маданият үйү, клуб ж.б.), мекеме ишканаларына, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралар планына карата Гүлчө айылынын Ж.Раимкулов атындагы №67 Кесиптик лицейдин каптал тарабында жайгашкан Нарматов көчөсүнүн кесилишиндеги аталышы жок көчөгө Кыргыз Республикасынын эл акыны Сооронбай Жусуевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Кабыл алынган бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана депутаттык этика жана анын ишмердүүлүгү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А.Б. Самиев |