Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/16
Гүлчө айылынын Камчыбек уулу Кадырбек көчөсүнүн №67 үйүнүн жашоочусу Гүлсара Камалованын 2003-2004-жылдары жалпы каттоодо кадастрдык чиймеси чийилип, укугу катталбай калган, менчик ээси аныкталбаган жер тилкесине кеңеш тарабынан менчик ээсин таануу боюнча токтом кабыл алып берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, кеңештин агрардык жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 44-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 265-беренесин, 2022-жылдын 17-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республасынын укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө мыйзамынын 8-беренесин, Жерге жайгаштыруу жана укукту мамлекеттик каттоо Алай райондук башкармалыгынын кадастрдык чиймелерин жана Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 47-отурумунун №47/2 токтомун жетекчиликке алып, Гүлчө айыл аймагындагы калктуу конуштарда 2004-жылы мамлекеттик жалпы (системалык) каттоо жүргөн мезгилде укук катталбай калган кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2.Юридикалык документин даярдап берүү жагы Алай архитектура жана шаар куруу башкармалыгына ошондой эле жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |