Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/23
Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин 2024-жылдын 12айында бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жана 2025-жылга карата жайыт жерлерин ижарага берүү боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровдун билдирүүсүн угуп, кеңири талкуулап, 26.01.2009-жылдагы №30 Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы айрым кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2025-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 445,1 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 445,1 миң сом болуп бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй кирешелерден:
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандардын жайытка чыга турган ири-мүйүздүү мал, майда жандык жана жылкылары үчүн алына турган акысы:
- Ири мүйүздүү малга, жылына – 50,0 (элүү) сом
- Жылкыларга жылына - 50,0 (элүү) сом
- Майда жандык мал -20,0 (жыйырма)сомдон
Башка райондордун жана башка айыл өкмөттөрдүн жарандарынан:
- Ири мүйүздүү малга, 5 айга (бир сезон үчүн) – 500,0 (беш жүз) сомдон
- жылкыларга, 5 айга - 500,0 (беш жүз) сомдон
- майда жандык малга, 5 айга -100,0 (жүз) сомдон
4. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесинин негизинде Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жакынкы жайыт жерлери мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга чөп оруу жана көрктөндүрүү үчүн ижарага берилбесин.
5. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жылуу-Суу жайлоосунан жана Таш-Короо айылынын жайлоолорунан гана Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга туризм тармагын өнүктүрүү максатында 0,10 га дан ашыкча жайыт жерлери берилбесин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтомунун негизинде Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга туризм тармагын өнүктүрүү үчүн калкка кызмат көрсөтүү максатында пайдаланган жарандардан алынуучу ижара акысы бир боз үйгө айына 4000 сомдон , ар бир жылдын июнь, июль, август айлары үчүн бекитилип берилсин.
7. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга уюлдук байланыш аппараттарын орнотуу үчүн уюлдук байланыш ЖЧКларынан алынуучу ижара акысы айына 10,0 чарчы метр ден 30,0 чарчы метр жер аянтына 6000 сомдон болуп бекитилсин.
8. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Б. Самиев |