Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылыштын депутаттарынын кезектеги
8-отуруму
2025-жылдын 12-майы № 8/24
“Долбоорчу и К” Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан, Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Т.Сопуев атындагы мектеп-лицейине, кошумча 50 орундуу жатакананын курулушу боюнча 2012-жылы иштелген жумушчу долбоорду Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 8-отуруму, Ош облусттук капиталдык курулуш башкармалыгынын өндүрүштүк техникалык бөлүм башчысы Арстанбеков Бексултан Кушбаковичтин, 2012-жылы, Т.Сопуев мектеп-лицейине 50 орундуу жатакананын курулушу боюнча жумушчу долбоор иштелип, мектеп жоюлгандыгына байланыштуу ишке ашпай калганы боюнча жана бул долбоор Гүлчө айыл өкмөтүнө тиешелүү экени жөнүндөгү баяндамасын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-5-пунктуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Долбоорчу и К” Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан, Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Т.Сопуев атындагы мектеп-лицейи үчүн 50 орундуу жатакананын курулушу боюнча даярдалган 2012-жылдагы жумушчу долбоор, Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынган бул долбоор, мыйзамда белгиленген мөөнөттө Гүлчө айыл өкмөтүнүн архивинде сакталсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Б. Самиев |