Загрузка документа…
Чолпон-Ата шаардык кеңеши
XXXIчакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ
25.08.2025 ж №31/18-1
Чолпон-Ата шаарындагы 3 кичи районунда жайгашкан жер тилкесин жана мүлкүн муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жѳнүндѳгү мыйзамдарынын негизинде Чолпон-Ата шаарынын мэри Р.Б.Кадыркуловдун 2025-жылдын 22-августундагы №01-8/2085 сунуш катын карап чыгып, талкуулап, 2025-жылдын 22-августундагы«Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарындагы 3 кичи районундагы идентификациялык (2-03-05-0025-6341) 1,0 га жер тилкеси жана тиешелүү болгон мүлкүн А.А.Урказиевдин макулдугуна ылайык, Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп алууга макулдук берилсин.
2. Чолпон-Ата шаарынын мэри Р.Б.Кадыркуловго :
-Чолпон-Ата шаардын кызыкчылыгын эске алуу менен тиешелүү мекеме ишканалардын кырдаалдык планынын кортундулардын негизинде, мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
-Чолпон-Ата шаарындагы 3 кичи районунда жайгашкан мүлкүнүн балансттык баасы, өткөрүп алуу актысы боюнча 20 күндүк мөөнөттө иш алып баруу жана маалымат кеӊешке берүү жагы тапшырылсын.
3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык кеңештин «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Молдобеков