Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясынын
2025-жылынын 25-апрели № 10-1
«Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынын ички көчөсүнө ысым ыйгаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынын ички көчөсүнө Койчиев Абдраимдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасынын ички көчөсүнө Койчиев Абдраимдин ысымы ыйгарылсын.
2.Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Койчиев Абдраим атындагы көчө деп аталсын.
3.Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык символикасы белгиленсин.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
|
А.Р.Алимов |
|