Редакцияот 10.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 10-июлу № 139

 

"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-берене.

1. Ушул Мыйзамда жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын төмөнкүдөй тизмеги аныкталат:

- кайра иштетүүгө тийиш болбогон бир жолу колдонулуучу пластик идиш;

- пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу жумуртка салгыч;

- кофе үчүн пластик капсулалар;

- азык-түлүк үчүн тор баштык-сумка.

2. Жүгүртүлө турган полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";

2) 5 жана 6-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-берене.

Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын, Ысык-Көлдүн парк-пляж зонасынын жана жээк зонасынын аймагында ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн полимер пленкасынан жасалган пакеттердин жана пластик буюмдардын жүгүртүлүүсүнө тыюу салынат.

6-берене.

2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга;

- соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди акысыз берүүгө.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 4-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган