Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 1-августу № 49
Арашан айыл өкмөтүнө автоунаа алуу жөнүндө
Арашан айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизингге кызматтык автоунаа “Шевролет Трекер” алуу максатында,
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизингге кызматтык автоунаа “Шевролет Трекер” алсын.
2. Алынган автоунааларды лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруу жана лизингге алынган техникаларды тейлөөгө кеткен башка чыгашалар өз эсебинен каржылансын.
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айылдык кеңешинин “Бюджет, инвестициялар, укук тартиби, муниципалдык менчик, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына жана Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.К. Калыков |