Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Х сессиясынын
2025-жылынын 25-апрели № 10-4
«Жер аянттарынын схемалык пландарын бекитүү жөнүндө»
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Бокошовдун 2025-жылдын 23-апрелиндеги чыгыш № 01-28/794 сандуу катын, айылдык кеңештин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун негизинде Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-февралындагы №17 сандуу токтомуна ылайык Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган жер аянттарынын схемалык пландарын тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|