Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-июну № 45
Келишимдин негизинде “Арашан-Биримдиги” муниципалдык ишканага жумушчу алуу жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши, 2025-жылдын 2-июнунда Дж.Майлыбаевден келип түшкөн арызын карап чыгып, ошондой эле арыз ээси Майлыбаев Джалгызбай Бирджановичтин жана Арашан айылдык кеңешинин депутаты Кулджаев Алымкул Чолпонбаевичтин баяндамаларын угуп, өндүрүштүк муктаждыктын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагынын Арашан айлында жайгашкан стадиондун бак-дарактарын сугарып жана тегерегин ирээтке келтирип туруу үчүн “Арашан - Биримдиги” муниципалдык ишканасы менен Майлыбаев Джалгызбай Бирджановичти келишимдин негизинде короо тазалоочу жана кароолчу катары, сезондук жумушка, 20 миң сом айлык акысы менен кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жана МИ “Арашан-Биримдиги”нин директору Б.К.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.К. Калыков |